Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

МАГАТЭ: Запорожье АЭСинин аймагына миналар коюлган


Европадагы эң ири бул атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган.
Европадагы эң ири бул атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запарожье АЭСинин Орусиянын армиясы көзөмөлдөгөн аймагына миналар коюлганы аныкталганын билдирди. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.

Ага ылайык, МАГАТЭнин эксперттери аталган атомдук станциянын аймагындагы ички жана тышкы тосмосунун жанынан бир канча минаны көрүшкөн.

Агенттиктиктин билдирүүсүндө: "...жарылуучу заттын болушу МАГАТЭнин коопсуздук эрежелерине каршы келет жана жумушчуларга карата кошумча пвсихологиялык басым жаратат", - деп жазылган.

Бир канча күндөн бери текшерүү жүргүзүп жаткан агенттиктин адистери АЭСтин аймагынан оор аскердик техникаларды тапкан эмес. Бирок аларга реакторлордун чатырына, үчүнчү жана төртүнчү энегоблокко кирүүгө тыюу салынган.

Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгын кызматынын маалыматына шилтеме жасап, бир катар энергоблоктордун чатырына жардыруучу заттар коюлганын билдирген. Москва дооматты четке каккан.

Европадагы эң ири бул атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен, АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.

XS
SM
MD
LG