Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:06

Равшан Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды


Салкынай Алимбаева.
Салкынай Алимбаева.

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 25-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-июлда кабыл алганын аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" 25-июлда кабарлады.

25-майда Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат ага козголгон иш боюнча азыркыга чейин маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин айтымында, ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлган. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын буга тиешеси жок экенин билдирген эле.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

Кийинчерээк Алимбаеванын абалы начарлап кеткени, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө өтүнүч келтирилгени айтылган.

Алимбаеванын күйөөсү Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталууда. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG