26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 34…39;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 37…39 градус болот.