Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Сунак менен Зеленский дан экспортун талкуулашты


Британиянын премьер-министри Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Британия, 15-май, 2023-жыл.
Британиянын премьер-министри Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Британия, 15-май, 2023-жыл.

Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлдун таңында телефон аркылуу украин данын эл аралык базарга чыгаруу жолдорун талкуулады.

Британиянын премьер-министринин кеңсеси билдиргендей, Сунак дан келишимин кайра жандандыруу үчүн Лондон Анкара менен тыгыз кызматташып жатканын айткан. Ал ошондой эле орус армиясынын Одессага жакында эле жасаган аба чабуулунан улам болгон кыйроолор аны нес кылганын кошумчалаган.

Кремль дан келишиминен чыккандан бери орус армиясы украин даны сакталган кампаларга, ошондой эле Румыния менен чек арага жакын жайгашкан Дунай портторуна сокку урууда.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен орус армиясынын украин дан кампаларына жана экспорттук инфратүзүмдөрүнө жасаган соккуларын «кескин айыптарын» жана Киевди колдоону улантарын билдирди.

Ал ошондой эле Евробиримдик Киевге дагы 1,5 миллиард евро бөлөрүн Твиттерге жазды.

Кремль 25-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериштин дан келишимине кошулуу чакырыгын четке кагып, буга чейинки макулдашууда Орусиянын данын жана жер семиркичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG