Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Өзбекстанда элдин саны күн сайын дээрлик 2 миң кишиге көбөйүүдө


Сейил бактардын биринде эс алып жаткан өзбекстандыктар. Иллюстрация.
Сейил бактардын биринде эс алып жаткан өзбекстандыктар. Иллюстрация.

Өзбекстанда күн сайын калктын саны 1900 адамга көбөйүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика комитети 26-июлда билдирди.

Расмий эсепке ылайык, ай сайын элдин катары орто эсеп менен дээрлик 58 миң кишиге толукталууда.

Мурдараак Статистика комитети 2023-жылдын 1-июлуна карата өзбекстандыктар 36 миллион 372 миңден ашканын маалымдаган. Аялдардын саны 18 миллион 70 миңге жакын, эркектер 18 миллион 306 миңден көбүрөөк.

Тургундардын теңинен көбү шаарларда, калганы кыштакта жашайт.

Борбор Азия чөлкөмүндө эң көп адам жашаган Өзбекстан дүйнө жүзүндө калкынын саны жагынан 41-орунду ээлейт.

2022-жылдын аягына карата Казакстанда 19 миллион 700 миң чамалуу, Тажикстанда 9 миллион 500 миңден көп, Кыргызстанда 7 миллион калк бар.

Түркмөнстандын Статистика комитети быйыл июлда элдин саны 7 миллиондон ашканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG