Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Африканын бир катар лидерлери Орусиядагы саммитке келбейт


2019-жылы Сочиде өткөн Орусия-Африка саммитинде тартылган сүрөт.
2019-жылы Сочиде өткөн Орусия-Африка саммитинде тартылган сүрөт.

Африканын көпчүлүк лидерлери 27-28-июлда Санкт-Петербургда Владимир Путиндин катышуусунда өтө турган Орусия-Африка саммитине келбейт.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Африканын 54 өлкөсүнүн 17синен мамлекет башчылар келет. Дагы 10 өлкөнүн өкмөт башчылары, 17синин вице-прьмерлери, бешөөнүн элчилери катышат. Беш мамлекет катышуудан баш тартканын The Moscow Times жазды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Олег Озеров РИА Новостиге берген маегинде саммитке чакыруулар Африка мамлекеттеринин бардык лидерлерине жөнөтүлгөнүн билдирген. Ал саммитке келбегендерге Москва түшүнүү менен мамиле кыларын белгиледи.

Ушаковдун айтымында, орус президенти Египет, Мозамбик, Бурунди, Зимбабве, Уганда, Эритрея, Борбордук Африка Республикасы, Ливия, Камерун, Сенегал, Түштүк Африка, Буркина-Фасо, Гвинея-Бисау, Мали жана Конгонун лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Орусия-Африка саммити экинчи жолу өтүп жатат, биринчиси 2019-жылы Сочиде уюштурулганда, ага чакырылган 45 мамлекеттин президенттери жана премьер-министрлери келген.

Төрт жыл мурдагы саммитте Орусиянын президенти африкалык өлкөлөргө соода көлөмүн эки эсе, 40 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү убада кылган. Бирок иш жүзүндө ал 18 миллиард долларга чейин азайган. Бул цифра Путиндин жакында жарыялаган макаласында жазылганын Fortune басылмасы кабарлады. Ошол эле учурда басылма Африкага келген чет элдик инвестициянын бир гана пайызы Орусияга таандык экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG