Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Владимир Зеленский аткылоого кабылган Одесса шаарына келди


Зеленский апта башында  ракеталык аткылоодо талкаланган Спасо-Преображенский чиркөөсүнө барды.
Зеленский апта башында  ракеталык аткылоодо талкаланган Спасо-Преображенский чиркөөсүнө барды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-июлда кечинде бир канча күндөн бери Орусиянын чабуулуна кабылган Одесса шаарына келди. Жергиликтүү басылмалар жарыяланган видеодон Зеленскийдин апта башында ракеталык аткылоодо талкаланган Спасо-Преображенский чиркөөсүнө барганын көрүүгө болот.

Украин президенти Телеграм-каналына шаарды Орусиянын соккусунан абада коргоо системасын издөө жүрүп жатканын жазды.

Одессага 27-июлга караган түнү жасалган чабуулда бир адам мерт болуп, порттун күзөт имараты, эки машина жабыркаган.

Украин армиясынын ырасташынча, "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар Кара деңиз акваториясындагы суу алдындагы кемедан атылган.

"Порттогу администравдик имаратка урулган соккуда бир жарандык кызматкер мерт болду. Жүк жүктөөчү терминалдардын биринин өндүрүш жабдуусу зыянга учурады", - деп жазылган маалыматта.

Орусия Одессаны өткөн аптадан баштап дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан бери аткылап жатат.

Киев Москванын көздөгөнү дан экспортун үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген. Орус армиясы портко жасалган чабуулдун аскердик максаты гана бар экенин айтып, Крым көпүрөсүндөгү жардырууга жооп катары түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG