Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

БУУнун баш катчысы "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирди


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш. 31-май, 2023-жыл.
Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш. 31-май, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлда өткөргөн маалымат жыйында глобалдык жылуулук доору аяктап, "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирди.

"Климат өзгөрүп жатат. Азыркы аба менен дем алуу мүмкүн эмес. Бул ысыкка адам чыдай албайт", - деген Гуттериш чечкиндүү жана кечиктирилгис чечимдерди кабыл алуу менен гана глобалдык температуранын жогорулашын токтотсо болорун кошумчалады.

Буга чейин Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа комиссиясынын Copernicus кызматы 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болуп каларын билдиришкен.

Окумуштуулардын эсептөөсүнө караганда, июль айындагы орточо температура 16,95 градусту түзгөн. Бул индустриалдык доорго чейинки көрсөткүчтөн 1,5 градус жогору дегенди билдирет.

Илимпоздордун пикиринде, абага бөлүнгөн зыяндуу газдардын көбөйүшү - аптаптын башкы себеби.

Ушу тапта ысыктан улам бир катар мамлекеттерде токойлорду өрт каптап, адам өмүрлөрү кыйылган учурлар катталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG