Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

ТАРдын президенти Владимир Путинди дан келишимине кайтууга чакырды


Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Сирил Рамафоса Орусия президенти менен африкалык лидерлердин Санкт-Петербургдагы жолугушуусунда Владимир Путинди эгин жана азык-түлүктү украин портторунан ташып чыгууга шарт түзгөн дан келишимине кайтууга чакырды.

Ал Орусиянын Африкага буудайды акысыз шартта берүү сунушу дан келишиминин ордун толтура албай турганын белгиледи.

“Биз бул жакка кандайдыр бир “тартууларды” сураганы келген жокпуз. Биз, албетте, сиз белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болуп жаткан айрым африкалык өлкөлөргө данды кайтарымсыз шартта берүүнү берешендик менен чечкениңизди түшүнүп турабыз. Бирок бул биздин негизги максатыбыз эмес. Мындай мүнөздөгү жеткирүүлөргө жетишүү биздин негизги көздөгөнүбүз эмес”.

Рамафоса дан келишими тууралуу айтып жатып Кара деңиз дүйнө рыногу үчүн ачык болушун каалай турганын белгилеген.

Путин буга чейин Африканын алты өлкөсүнө – Буркина-Фасого, Зимбабвеге, Малиге, Сомалиге, Борбор Африка Республикасына жана Эритреяга эгинди 25-50 тоннадан акысыз бере турганын билдирген. “Агентство” басылмасынын эсебинде бул көлөм жогорудагы өлкөлөрдүн данга болгон муктаждыгынын аз гана бөлүгүн жабат.

Путин жуманын кечинде “Орусия-Африка” саммитинин негизги программасы аяктагандан кийин Украинада тынчтык орнотуу боюнча мурда сунушун берген бир катар Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту. Алардын катарында ТАРдын президенти да болгон.

Орусиянын президенти аларга миңдеген жашоочулардын өмүрүн алган жана көптөгөн кыйроолорго алып келген Орусиянын Украинадагы согушу Бириккен Улуттар Уюмунун уставын “бузбаганын” кайталап айтты. Африкалык лидерлер конфликттин тынчтык жолу менен чечилишин жактай турганын белгилешти.

Кремль орусиялык жер семирткичтерди жана азык-түлүктү экспорттоо боюнча шарттар аткарылбай жатканын жүйө кылып 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялаган.

18-июлдан тарта дээрлик күн сайын орус күчтөрү дан экспорттолуп келген Украинанын Одесса облусундагы портторду ракета менен ата баштаган. Кремль буга 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүнө сокку урулганын жүйө келтирген.

Дан келишиминин негизинде Одессадагы деңиз портторунан дүйнө рыногуна 33 миллион тоннадан ашык дан экспорттолгон. Евробиримдик жана БУУ Орусияны бул келишимди жандандырууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG