Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Сокулукта жолдон өткөн элге кол көтөргөндөр кармалды


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.

Милиция 29-июлга оогон түнү Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында бир нече киши ары-бери өткөндөргө себепсиз кол көтөрүп, эки автоунаага зыян келтирген окуяны териштирип жатканын билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя каттоого алынып, териштирүү башталганын кабарлады.

Элге кол көтөрүүгө тиешеси бар адамдардын баарынын аты-жөнү такталып, алты киши Сокулук райондук милициясынын тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Аларды буга эмне түрткөнү азырынча беймаалым.

Буга чейин интернетке 7-8 киши жол боюнда бараткан адамдарды таяк менен сабап, кууп жүргөн видео тараган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG