Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Азат Равшан апасы Салкынай Алимбаева боюнча билдирүү таратты


Салкынай Алимбаева
Салкынай Алимбаева

29-июлда тергөө абагынан үй камагына чыккан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева боюнча уулу Азат Равшан билдирүү таратты. Анда апасы оор операциядан кийин үйүнө чыгарылганы, анын абалы начар экени, мындан ары да дарылоону талап кылары айтылат. Азат Равшан мындай билдирүүнү "Азаттыкка" да ырастап, апасына байланышкан буга чейинки маалыматтарды төгүндөдү.

"Мен апам менен сүйлөштүм. Так айта алам, апам эч кимге акча берген жок, эч кимден жер жана акча алган жок. УКМК ошондой маалымат таратыптыр. Бул чындыкка жатпайт. Так айта алам, апам эч кимге акча берген жок, эч кимден жер жана акча алган жок", -деди Азат Равшан.


Бишкектин Биринчи май райондук соту Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 29-июлда үй камагына чыгарылганын маалымдаган. Алимбаева 24-сентябрга чейин үй камагында болот.

Ушул эле күнү УКМК "Салкынай Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң АКШ долларын алганы аныкталганын" маалымдаган. Атайын кызмат бул факты боюнча Алимбаева менен бирге "Инфосистема" мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирген. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери аягына чыгып калганын, бул боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалаган. Натыйжада 1 млрд 464 млн 383 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулганын кабарлаган.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына камалган.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлганын айткан. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын тиешеси жок экенин билдирген.(ZKo, MKt)

XS
SM
MD
LG