Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Чехия WTA мелдешине келген орусиялык теннисчини киргизген жок


Анастасия Павлюченкова
Анастасия Павлюченкова

Прага шаарында өтө турган WTA (Аялдар теннис ассоциациясы) мелдешине катышуу үчүн келген орусиялык теннисчи Анастасия Павлюченкова Чехияга киргизилген жок. Бул тууралуу ал өзү Инстаграммдагы баракчасына жазды. Теннисчи эми АКШда өтө турган мелдештерге даярданып жатканын белгилеп, "Кошмо Штаттардын Цинциннати шаарында өтө турган Ачык чемпионатта көрүшөбүз" деп жазды.

Павлюченкова ошондой эле WTAнын билдирүүсүн жарыялады. Анда бир нече теннисчи бейтарап макамга ээ экенине карабай, өлкөгө киришине Прага уруксат бербегени айтылат.

Чехия бир ай мурун орусиялык спортчуларга өлкө аймагындагы беттештерге катышуусуна тыюу салган.

Өткөн аптада орусиялык дагы бир теннисчи Вера Звонарёва WTAнын Польшадагы мелдешине катышпай калды. Звонарёва Варшавага Франция берген виза менен кирүүгө аракет кылган. Бирок поляк бийлиги аны киргизген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG