Орусиянын Эстониядагы элчилигинин имаратына жумуртка ыргытканы үчүн журналист Аркадий Бабченко кармалды. Эстон полициясы шектүүнүн аты-жөнүн атабастан, ал 1977-жылы туулганын гана кабарлаган.
Бабченко кармалганын социалдык тармактар аркылуу өзү ырастады.
Окуя 30-июлга караган түнү болгон. Delfi басылмасы жазгандай, журналист полициянын көзүнчө жумуртка ыргыткан.
Аркадий Бабченко Чеченстандагы согуш маалында "Московский комсомолец" басылмасынын аскердик кабарчысы болгон. Кийин "Новая газета" жана башка басылмалар менен кызматташып келген. Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сындап келгени менен белгилүү. 2017-жылы коопсуздугуна байланыштуу Орусиядан чыгып кеткенин билдирген. Кийин Украинада жашап жүрүп, Владимир Зеленский өлкө башына келгени Эстонияга көчүп кеткен.
2020-жылы орус бийлиги Бабченкону "террорчулардын жана экстремисттердин тизмесине" кошкон. Ал эми быйыл январда Орусиянын Ички иштер министрлиги ага издөө жарыялаган. Ошондой эле Аркадий Бабченко Орусияда "чет элдик агенттердин" тизмесине кошулган.