Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Украина: "Азовдун" туткундан бошотулган офицерлери фронтко кайтат


Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азов" полкунун беш командирин Түркиядан Украинага алып келген. Украин президентинин кеңсеси тараткан сүрөт "Рейтерс" агенттигинен алынды. 8-июль, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азов" полкунун беш командирин Түркиядан Украинага алып келген. Украин президентинин кеңсеси тараткан сүрөт "Рейтерс" агенттигинен алынды. 8-июль, 2023-жыл.

"Азов" батальонунун туткундан бошотулган командирлери фронтко кайтышат. Бул тууралуу Улуттук Гвардиянын башчысы Александр Пивненко "Украинская правда" басылмасына курган маегинде айтты. Ал "азовчулардын" согуш талаасына кайтуусуна эч кандай тыюу жок экенин кошумчалады. Буга чейин "Азовдун" башчысы Денис Прокопенко да фронтко кайтууга ниети бар экенин билдирген.

Былтыр майда "Азовсталь" заводун бир нече ай коргогон батальондун аскерлери туткунга түшүп калышкан. Ошол эле жылы күзүндө "Азовдун" 108 аскери украин армиясынын башка өкүлдөрү менен биргеликте украин саясатчысы Виктор Медведчукка айырбашталган. Сүйлөшүүгө Түркия ортомчу болгон.

Москва менен Анкара ортосундагы макулдашууга ылайык, "Азовдун" командирлери "согуштук аракеттер аяктаганга чейин" Түркияда калышмак. Ага карабай, 2023-жылдын 8-июлунда Стамбулга барган Владимир Зеленский "азовчуларды" өзү Киевге ала келген. Талдоочулардын айтымында, Стамбулдун бул кадамына байланыштуу Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын мамилеси салкындай түштү. Мындан улам Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын лидеринин дан келишимин жандантуу боюнча суранычына кулак салган жок.

XS
SM
MD
LG