Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Өкмөт чек ара чырында жабыркагандардын жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады


Кыргыз-тажик чек ара чырында курман болгондордун жакындары. "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек ара чырында курман болгондордун жакындары. "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси. Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинети 1-августтан тарта 2021-2022-жылдарда чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Өкмөттүн токтом долбоору 30-июлда коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, Баткен жана Ош облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркагандарга ай сайын берилчү төлөмдүн көлөмүн 3700 сомдон 5500 сомго көтөрүү каралган.

Бул тизмеге төмөнкүлөр кирет:

  • Курман болгондордун балдары - 18 жашка чыкканга чейин;
  • Курман болгондордун ата-энеси - пенсияга чыкканга чейин (эгерде ал жалгыз бала болсо, өмүр бою берилет)
  • Майыптыгы бар деп таанылгандар.

Тизмеге 2021-жылда Баткендеги чек ара чырынан кийин 60 адам кирген. 2022-жылы Баткен жана Ош облусундагы окуялардан кийин дагы 77 адам кошулган. Алардын 46сы каза болгон жарандардын 18 жашка чыга элек балдары, 30у майыптуулук берилиши мүмкүн болгон жарандар. Жалгыз баласынан ажыраган ата-энелерден бирөө деп көрсөтүлгөн.

Токтом долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен жылына кошумча 6 миллион сом талап кылынат. Быйылкы жылдын бюджетинен бул багыттагы жөлөк пулга 2,8 миллион сом каралган. Токтом кабыл алынса, 2023-жылы кошумча 3,2 миллион сом бөлүнүшү керек.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып, өткөн жылы 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG