Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Бээжинде жамгырдан улам суу кирип, ондон ашуун киши мерт болду


Бээжин, Кытай. 1-август, 2023-жыл.
Бээжин, Кытай. 1-август, 2023-жыл.

Кытайдын борбору Бээжиндин айланасындагы тоолордо жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, кеминде 11 киши мерт болду.

Отуздай киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу AP агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен жазды.

CCTV телеканалы кабарлагандай, суу ташкындан улам бийлик темир жолдорду жаап, кырсык катталган райондордон тургундарды эвакуация кылып жатат. Кеминде 50 миңдей адам коопсуз аймакка чыгарылышы керек.

Катуу жаандан улам шаардын бир топ райондорун суу каптады. Жолдор жабылып, жүздөгөн автоунаалар сел астында калды.

Маалыматтарда айтылгандай, мелүүн жана кургак климат өкүм сүргөн Бээжинде суу ташкыны адаттан тыш көрүнүш болуп жатат.

Кытайдын Бээжин жана башка шаарларындагы бир нече күндөн берки катуу жаан-чачынды "Доксури" тайфуну жаратты. Июлдун аягында ушул эле тайфундун айынан Филиппинде жана Тайванда жамгыр күчөп, суу ташкындары катталган. Филиппинде миңдеген жарандар үйсүз калып, ондогон адамдар каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG