Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

“Түркмөнстан” авиакомпаниясы Москвага учууларын токтотту


“Түркмөнстан Эйрлайнс” авиакомпаниясы
“Түркмөнстан Эйрлайнс” авиакомпаниясы

“Түркмөнстан Эйрлайнс” авиакомпаниясы 1-августтан тартып Ашхабаддан Москвага жана кайра Москвадан Ашхабадга учууларын токтотконун жарыялады. Жүргүнчү ташуучу компаниянын сайтында жарыяланган маалыматта мындай чечим “Москванын аба мейкиндигинде учуу коопсуздугуна коркунучтар жана тобокелдиктерге” байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

Аталган каттам токтотулганына байланыштуу Ашхабаддан Казанга жана андан кайра Ашхабадга жүргүнчүлөрдү ташуу жолго коюлат.

Соңку үч-төрт күндө Москва учкучсуз учактардын чабуулуна эки ирет кабылды. Анын натыйжасында “Москва-сити” бизнес борборундагы көп кабаттуу имараттар жабыркады. Орусиянын бийлиги бул чабуулдар үчүн Киевди айыптады. Украин тарап адатта мындай чабуулдарга комментарий бербейт.

Ошол эле маалда Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк “Москва-ситиге” жасалган чабуулдар тууралуу суроого жооп берип жатып, “Орусиянын аймагында мындай нерселер али көп болорун” кеп кылган.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвага дрондордон сокку уруу коркунучу бар экенин моюнга алып, бул окуяны Коргоо министрлиги гана комментарийлеши керектигин белгилеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG