Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Орусияда журналист Иван Сафроновдун өкүмү өзгөргөн жок


Орусиялык журналист Иван Сафронов сотто. 15-сентябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиялык журналист Иван Сафронов сотто. 15-сентябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Жогорку соту журналист Иван Сафроновдун кассациялык арызын четке кагып, мурдагы инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

2-августта сот жараяны жабык өттү, ага Сафронов өзү катышкан жок.

Журналист мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, былтыр сентябрда 22 жылга кесилген.

Сот Сафроновду "мамлекеттик сырга тиешелүү маалыматтарды НАТО өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматкерлерине берген" деп тапты. Камакка алынганга чейин ал Роскосмостун жетекчисинин кеңешчиси жана “Коммерсантъ” менен “Ведомости” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген. Ал 2020-жылдын июль айында кармалып, Лефортово убактылуу кармоочу жайында эки жылдан ашуун убакыт отурду.

Адвокаттардын айтымында, сотто Сафроновдун күнөөсүн далилдеген бир да факты келтирилген эмес.

Тергөө материалдарында Чехиянын атайын кызматы Иван Сафроновду 2012-жылы өзүнө азгырып алганы жазылган. Ага ылайык журналист 2017-жылы Орусиянын Африка өлкөлөрү менен аскердик-техникалык кызматташтыгы, орусиялык аскерлердин Жакынкы Чыгыштагы аракеттери боюнча маалымат топтоо жөнүндө тапшырма алган жана аларды аткарган.

Сафронов бул айыптарды моюнуна алган эмес жана өзүнүн камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG