Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Орус армиясынын аткылоосунан Херсондо жети киши жабыркады


Киевде талкаланган имараттын урандыларын тазалап жаткан шаардыктар. 2-август, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Киевде талкаланган имараттын урандыларын тазалап жаткан шаардыктар. 2-август, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясы 3-августтун таңында өлкө түштүгүндөгү Херсон шаарын аткылап, жети тургун жаракат алды. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын маалымат катчысы Александр Толоконников "Азаттыктын" украин кызматына билдирди.

Анын айтымында, ракеталардын бири көчөдө бараткан троллейбуска тийип, үч киши жабыркаган. Алардын бири - улгайып калган эркек кишинин абалы оор деп айтылды. Андан тышкары биринчи аткылоодон кийин чиркөөнү каптаган өрттү өчүрүп жаткан төрт куткаруучу жаракат алган.

Херсон шаарын 2022-жылдын күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.

3-августка караган түнү орус армиясы Киевди "Шахед" дрондору менен аткылаган.

Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.

Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG