Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Кыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд сом пайда тапты


Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2023-жылдын биринчи жарымында 12 млрд 33,6 млн сом таза пайда тапты.

Бул тууралуу Улуттук банк алгачкы алты айдын жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады.

Банктар 2021-жылдын алты айында 1 млрд 737 млн сом пайда тапса, 2022-жылдын алгачкы жарымында 8 млрд 644 млн пайда көргөн. Мурдагы жылы 12 айдагы жалпы пайданын суммасы 3,5 млрд сом болсо, былтыр 12 айда алар 23,1 млрд сом пайда чыгарышкан.

Кыргызстанда валюталык операцияларга коюлган ар кандай чектөөлөр, акча алуудагы комиссиялардан улам банктар каржы институттарынын ичинен эң көп сынга кабылып келет. Жарандар акча которууларды кабыл алуу акысынын жогорулатылганына, накталай акча алуунун кыйындаганына жана накталай долларды сатып ала албай жатканына нааразы.

Кыргызстанда ушу тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG