Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Омор Султановдун эстелиги коюлду


Омор Султановдун эстелиги.
Омор Султановдун эстелиги.

Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султановдун эстелиги коюлду. 4-августта бейит башындагы эстеликти ачуу аземине маданият жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, акындын замандаштары катышты.

Иш-чарада сөз алган маданият, адабият ишмерлери Омор Султановду эскерип, анын кыргыз адабиятындагы салмагын, калтырган мурасын белгилешти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов улуу муундагы акын-жазуучулардын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдөө иштери башталып, буга атайын каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Ал 20-кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы, "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири. Ал "Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, "Улуу дайра", "Мухитке жол" жана башка очерк, аңгеме, повест жыйнактарынын автору болгон. Жазуучунун чыгармалары бир нече тилге которулган.

Ал 2022-жылы 86 жаш курагында дүйнө салган. (NbA)

XS
SM
MD
LG