Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Грузиядагы жер көчкү кеминде алты кишинин өмүрүн алды


Грузиянын Шови курорттук айылындагы жер көчкүдөн кийинки көрүнүш.
Грузиянын Шови курорттук айылындагы жер көчкүдөн кийинки көрүнүш.

Грузиянын тоолуу Рача аймагындагы Шови курорттук айылында 3-августта түштөн кийин жүргөн жер көчкү кеминде алты кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Дагы 35 киши дайынсыз болууда.

4-августта табигый кырсык болгон аймакка Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили учуп кеткени маалым болду.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, куткаруу иштери жер көчкү жүргөндөн үч сааттан кийин башталган.

140 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Жалпысынан издеп-куткаруу иштерине 400дөй адам, эки тик учак жана башка техника тартылды.

Маалыматка караганда, учурда куткаруучулар негизинен курорттун эс алуучулары жайгашкан коттеждерге жете албай жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG