Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ысык-Көлдө көкбөрү боюнча дүйнө кубогу өтөт


Архив сүрөт. Чолпон-Ата. "Достук" жана "Ынтымак" көк бөрү командаларынын беттеши. 9-май, 209-ж.
Архив сүрөт. Чолпон-Ата. "Достук" жана "Ынтымак" көк бөрү командаларынын беттеши. 9-май, 209-ж.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 13-августтан 20-августка чейин көкбөрү боюнча Дүйнө кубогу өтөт.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди. Анын айтымында ага алты мамлекеттен командалар келип, үч форматта таймашат.

Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын сегиз клубу беттешет. Кыргызстандын көкбөрү боюнча Жогорку лигасында ойногон “Сары-Өзөн”, “Достук”, “Ынтымак”, “Мурас” командалары ойнойт. Казакстандан "Жети-Суу", "Астана", "Түркстан" жана бир курама команда катышары күтүлүүдө.

Экинчи форматта 12 клуб төрт тайпада ойнойт. Учурда Орусиядан беш клуб катышууга арыз беришти. Алар: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Алтай шаарынын командалары. АКШ, Түркия, Казакстан, Өзбекстандан клубдардын келиши күтүлүүдө. Андан сырткары бул форматта Кыргызстандан үч клуб: "Ийгилик", "Жаштык" жана "Алтын-Альянс" командалары ойнойт.

“Казакстандан алты команда келет. Алардын бешөө минген атын ала келет. Калган командаларга жергиликтүү командалардын аттары берилет. Биринчи лигада бизде 12 команда ойнойт. Ошол 12 команданын аттары толук оюнга чыгат. Ошол командаларда ойногон алтыдан бала жана чет өлкөдөн келген алтыдан оюнчу Дүйнө кубогу үчүн ойношот”, - деди Талас Бегалиев.

Үчүнчү форматта Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку курактагы курама командалары достук беттешин өткөрөт.

Көкбөрү боюнча Дүйнө кубогу мамлекеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө, 2024-жылы Казакстанда боло турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана көкбөрүнү дүйнөгө жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат. Бул мелдешти эки жылда бир Ысык-Көлдө өткөрүү пландалып жатат. Мелдештин байге фонду 5 млн сомдон жогору болору айтылды.

Бул мелдеш бүткөндөн кийин 24-августтан 31-августка чейин Ош облусунда көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган республикалык мелдеш болот. (ECh)

XS
SM
MD
LG