Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Кытай Жиддада Украинага байланыштуу жолугушууга катышат


Ли Хуэй.
Ли Хуэй.

Кытай Сауд Арабиясындагы Украинага тынчтык орнотууга арналган эл аралык жолугушууга катышарын ырастады. Жолугушуу 5-6-август күндөрү Жидда шаарында өтөт жана ага Орусия чакырылган эмес.

“Сауд Арабиясынын падышачылыгынын чакыруусу менен Кытай өкмөтүнүн Евразия маселелери боюнча өкүлү Ли Хуэй Жиддага украиналык маселеге байланыштуу жолугушууга барат. Кытай Украинадагы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салууда эл аралык коомчулук менен кызматташууга даяр”, - деп жазылган Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Жиддадагы жолугушуу саясий кеңешчилердин деңгээлинде өтөт жана ага 40тай өлкөнүн өкүлдөрү келет.

Буга чейин Киев бул жолугушуу 10 жободон турган "тынчтык формуласы" деп аталган Украинанын тынчтык демилгелери тууралуу эл аралык талкуулардын алкагында өтөрүн билдирген. Анда орусиялык армияны Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан чыгаруу өңдүү шарттар жазылган.

Украина мындай талкуулардын негизинде ушул жылдын аягында өзүнүн талаптары камтылган саммит өткөрүүнү пландап жатат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Кытайдын Жиддадагы жолугушууга барарын Киев үчүн “чоң жетишкендик, тарыхый жеңиш” катары баалады.

Украин президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясына тынчтык орнотууга кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушул жылдын март айында Кытай жана Орусиянын жетекчилери Си Цзинпин менен Владимир Путин Москвада жолуккан. Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болгон. Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган, бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG