Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

Казакстан: прокуратура Z жана V белгилерине тыюу салууну сунуштады


Орусиянын Украинага каршы согушун колдоодо Z белгиси пайдаланылып келет.
Орусиянын Украинага каршы согушун колдоодо Z белгиси пайдаланылып келет.

Казакстанда Башкы прокуратура өкмөткө "этносаясатташкан белгилери" бар товарларга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги ишкерлердин "Атамекен" улуттук палатасына шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, эгер сунуш колдоо тапса өлкөдө "Вагнер" менчик компаниясынын атрибуттарына, "Орусиянын армиясы", "Сыпайы адамдар" ("Вежливые люди") деген жазууларга, Орусиянын Украинага каршы согушун колдоодо пайдаланылган Z жана V белгилерине тыюу салынат.

Коомдук кызыкчылыкты коргоо бөлүмүнүн прокурору Куат Бапинов бул сунуш жогорудагы белгилер коомчулукта ар кыл реакция жаратканына байланыштуу көтөрүлүп жатканын билдирген.

“2022-жылы орус-украин жаңжалы башталгандан бери Казакстанда негизинен кийимдерде, оюнчуктарда жана машиналарда Z жана V белгилерин чаптоо, “Орусиянын армиясы”, "Сыпайы адамдар" деген жазуулар көбөйдү”, - деген Бапинов.

Буга чейин Казакстанда машиналарына Z тамгасы чапталган орусиялыктар келгенде бул жазууну мажбурлап өчүрткөн учурлар катталган. Өлкөдө бул белгиге расмий тыюу салынган эмес, бирок коомчулукта ага каршы чыккандар бар.

Кыргызстанда милиция машинесине Z белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилерди сыйрыган учурлар болгон. Тартип коргоо органдары машинеге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG