Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Кыргыз-кытай чек арасы: өткөрмө бекеттеринин иши убактылуу өзгөрөт


"Эркечтам" өткөрмо бекети, архивдик сүрөт.
"Эркечтам" өткөрмо бекети, архивдик сүрөт.

Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринин ишине 6-августтан тартып убактылуу өзгөртүү киргизилерин билдирди. Ага ылайык, өткөрмө бекеттери жумасына жети күн бою эртең мененки сегизден кечки саат сегизге чейин иштейт.

Жети күн бою тең жүк ташыган машиналар өткөрүлөт. Ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (дем алыштан башка күндөрү) туристтерге, жеңил машиналарга жана жөө адамдарга өтүүгө уруксат берилет.

Ишемби жана жекшемби күндөрү жүк ташыган гана машиналар өтө алат жана мындай режим 30-сентябрга чейин уланат.

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги кыймылга пандемия учурунда чектөөлөр киргизилген. Расмий маалыматка караганда, анын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк ташуучу машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Ушул жылдын март айынан баштап Бишкек-Кашкар багытындагы автобустар каттай баштаган.

Быйыл жыл башынан тартып Кытайдын бийлиги кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG