Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Түптөгү Талды-Суу, Көөчү жана Корумду айылдарында сел жүрдү


Өткөн аптада Түптөгү Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.
Өткөн аптада Түптөгү Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 7-августта нөшөрдөн улам Түп районуна караштуу Талды-Суу, Көөчү жана Корумду айылдарында сел жүрдү.

Кырсык болгон аймакка аталган министрликтин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери барды. Учурда 40тан ашык куткаруучу иштеп жатат. Балыкчы жана Каракол шаарларынан кошумча техника тартылды. Селдин кесепети жана чыгымы такталып жатат.


Мунун алдында аталган министрлик аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 7-8-август күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен эле. Айрым жерлерде катуу шамал болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Түп районундагы 2-августтагы нөшөрдөн кийин Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн. Эки кыштакта 50дөй үйдү суу каптаган. Андан сырткары чарбалык жолдор бузулган.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG