Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Кыргызстандагы "Яндекс" кызматы Орусияга маалымат берилбесин айтты


Компания ушул жылдын башында гана Кыргызстанда каттоодон өткөнү белгилүү болгон.
Компания ушул жылдын башында гана Кыргызстанда каттоодон өткөнү белгилүү болгон.

Кыргызстанда кызмат көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы маалыматтар базасы тууралуу соңку маалыматты четке какты. Анда Орусиянын мыйзамдары Кыргызстанга жана компаниянын бул жактагы кардарларына колдонулбай турганын билдирди.

"Кыргызстандык колдонуучуларга "Яндекс GO" кызматын көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы кардарлардын жеке маалыматты, бардык укуктарды өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сактайт. Сервистин Кыргызстандагы иши тууралуу маалыматтарды чет өлкөлүк (анын ичинде орусиялык) мамлекеттик органдар расмий кайрылуу аркылуу, эл аралык жол-жобонун негизинде гана сурай алат. Биздин компания коопсуздук саясатынын эң жогорку стандарттарын карманат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында "Медуза" басылмасы ушул жылдын сентябрь айынан тартып Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Яндекс.Такси" кызматынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн бардык маалымат базаларына күндүр-түндүр кирүүгө мүмкүнчүлүк аларын жазган. Анда тиешелүү токтомго орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койгонун билдирген.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет, анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Компания ушул жылдын башында гана Кыргызстанда каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Өткөн айда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар көп.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG