Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ошто кайгуул кызматынын башчысы кызматтан кетти


ЖКККБнын Оштогу бөлүмүнүн нааразылыкка чыккан кызматкерлери, 28-июль, 2023-жыл.
ЖКККБнын Оштогу бөлүмүнүн нааразылыкка чыккан кызматкерлери, 28-июль, 2023-жыл.

Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов кызматынан кетти. Бул туралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактар билдирди. Анын айтымында, буга чейин нааразылыкка чыккан кызматкерлерге тартиптик чара көрүлгөн.

28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын алдына чыгышкан. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункттан турган кат жолдоп, министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышкан.

Министрликте буга байланыштуу комиссия түзүлүп, териштирүү иштерин баштаган.

Айбек Жумагулов бул кызматка май айынын этегинде дайындалган. Ошто милициянын кайгуул кызматынын 200дөн ашуун кызматкери бар.(DSh)

XS
SM
MD
LG