Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:01

Лебединовканын жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу акцияга чыкты


Лебединовка айылынын акцияга чыккан тургундары.
Лебединовка айылынын акцияга чыккан тургундары.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 151-контурдан жер тилкесин алган жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу 10-августта Чүй облустук акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алардын айтымында, жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатат.

"Биз жерди басып алган жокпуз, сатып алганбыз. 600дөн ашык адам бүт документтерди топтоп кызыл китеп алсак, кайра жокко чыгарып жатат. Биз мыйзамды сыйлап үй салган жокпуз. Мурдагы аким чыгарган токтомун кайра жокко чыгарып салыптыр", - деди чогулгандардын бири Арзыкан Кубатбаева.

Митингге чыккандар кызыл китеп алып жатканда тиешелүү мекемелерден түзүлгөн комиссия оң корутунду бергенин айтууда.

Акцияга чыккан жашоочулар менен Аламүдүн районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тейтелиев жолукту. Ал жер тилкелерине кызыл китептерди тариздөө убагында прокуратура мыйзам бузуу болгонун аныктап, ишти сотко өткөрүп бергенин, акыркы чечимди сот чыгарарын билдирди.

Чогулгандар Чүйдүн облус башчысынын келишин талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG