Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Быйылкы июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болду


Грекия, июль, 2023-жыл.
Грекия, июль, 2023-жыл.

Июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болгону расмий аныкталды.

Бул тууралуу климатты изилдөө боюнча европалык Copernicus кызматы билдирди. Изилдөөчүлөрдүн маалыматында айтылгандай, июлда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 17 градус болгон. Бул өнөр жай дооруна чейинки абанын табынан 1,5 градус жана 2019-жылдагы ушул айдагы рекорддук ысыктан 0,3 градус жогору болду.

Copernicus абанын мындай ысышы бардык континенттерде тегиз байкалганын билдирди.

Абанын ысышы түшүрүлгөн кратада көрсөтүлгөндөй, Орусиянын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарында да абанын температурасы көтөрүлгөн.

Азыр ал жакта 270 гектар чытырман токой өрттөнүп жатат, 40% ашуун аймакта өчпөй турат. Тилсиз жоонун негизги себеби катары өлкө бийлиги июлдагы кургак аба ырайын, чагылганды жана катуу шамалды атаган.

Июлда түштүк Европа өлкөлөрүндө да токойлорду өрт жалмады. Португалия азыркыга чейин от менен күрөшүп жатат. Учурда 7 миң гектар токойдогу өрт өчүрүлдү. Бирок аны өчүрүү маалында он чакты өрт өчүрүүчү жараат алып, калк жашаган аймактан 1400 адам эвакуацияланды.

Буга чейин Грекия токоюндагы өрткө байланыштуу 20 миң тургун жана турист чукул эвакуация болгон. Италиянын аймагында аба ырайынын кескин ысышынан улам каза болгон жашоочулардын саны адаттагыдан 7% көп катталган. Испанияда миң гектардан ашык жердеги өсүмдүктөр күйүп кетти. Кипр өрттү өчүрүү үчүн эл аралык коомчулуктан жардам сурады. Түркияда ысыктан улам суу сактагычтардагы суунун көлөмүнүн азайышы соңку он жылдагы рекорддук чекке түштү. Бул өлкөлөрдүн айрымдарында абанын ысышы августта да уланары божомолдонуп жатат.

Бир жагынан алганда Жер ортолук деңизинин айланасындагы өлкөлөрдө – Египетте, Тунисте, Алжирде, Мароккодо да күн 48 градуска чейин ысыганы байкалды. Бирок мындай абал түштүк Европада адаттан тыш көрүнүш катары кабыл алынса, бул жерлерде ал «кадыресе көрүнүшкө» айланып калганын жергиликтүү метеорологдор айтышты. Аптаптын айынан Африканын токойлорунда өрт чыгып жатат. Алсак, Алжирде тилсиз жоодон 20дан кем эмес адам каза болуп, 1500дөй тургун эвакуацияланды.

Азия өлкөлөрүндө – Кытай, Индия, Жапония жана Түштүк Кореяда да июль айында аба ырайы рекорддук чекке жеткен. Кытайдын түндүк-батышындагы Шиңжаңда аба 52 градуска чейин ысыган. Жапон басылмалары июль айындагы ысыкта бир эле аптанын ичинде 9 миңден ашуун тургун ооруканага жатканын жазды.

Канадада токойдогу өрттөрдүн рекорддук сезону уланып жатат. Ал жакта быйыл дээрлик он миллион гектар токой күйүп кетти.

Бул былтыркыдан төрт эсе көп аянт. АКШнын түштүгүндө катуу ысык башталганына бир айдан ашты. The Washington Post мындай кооптуу аба ырайына 66 миллион америкалык туш болуп жатканын жазды.

Түштүк Америка өлкөлөрүндө кыш 37 градуска чейин ысык менен өтүп жатат. Муну чилилик климатологдор “өзгөчө” көрүнүш катары баалашкан. Алардын айтымында, өлкөдө белгиленген температура ченемден 15 градус жогору. Парагвай, Боливия жана Бразилиянын түштүк тарабында ысык 39 градуска чейин чыкты.

Австралиядагы кыш да рекордду жаңылады. Сиднейде бул жылы июль Канберрадагы гидрометео борбору аба ырайына байкоо сала баштагандан берки эң жылуу ай болуп калды.

Материктин түштүк-чыгышындагы ири шаарларда күндүз абанын табы 20 градус, түндүк Дарвинде 30 градустан жогору болуп жатат.

Антарктидадагы кышкы деңиз музунун деңгээли июль айында рекорддук эң төмөнкү чекке жетти. Copernicus чыгарган картада бул материкте эң ысык температура аныкталган. Палеоэкологдордун изилдөөсүнө караганда, азыр Антарктидадагы муздар 5,5 миң жылда болуп көрбөгөндөй тез эрип жатат.

БУУнун метеорологдору рекорддук ысыкты климаттын антропогендик өзгөрүшү жана Эль-Ниньонун башталышы – Тынч океандын экватордук сууларынын температурасынын жогорулашына байланыштырууда. Температуранын жогорулашы адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнө жана бакубатчылыгынын начарлашына, өсүмдүктөрдүн бузулушуна, үйлөрдүн, инфратүзүмдүн жана архитектуралык эстеликтердин бузулушуна алып келет, кургакчылыктын жана токой өртүнүн жайылышына шарт түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG