Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Польша Беларус менен чек арасына 10 миңдей аскер жөнөтүүнү көздөйт


Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Парижде өткөн Евробиримдиктин министрлер жыйынында. 19-июнь, 2023-жыл. Франция. Иллюстрациялык сүрөт.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Парижде өткөн Евробиримдиктин министрлер жыйынында. 19-июнь, 2023-жыл. Франция. Иллюстрациялык сүрөт.

Польша Беларус менен чек арасына кошумча 10 миңге чейин аскер жөнөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 10-августта коргоо министри Мариуш Блащак билдирди.

"Чек арада 10 миңдей аскер болот. Алардын 4 миңи Чек ара кызматына көмөк көрсөтөт, 6 миңи резервде кармалат. Агрессорду бизге кол сала албагыдай кылып коркутуу үчүн армиябызды Беларуска жакын аймакка жайгаштырып жатабыз", - деди Блащак.

9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик Варшава Беларус менен чек арага кошумча 2 миң аскер жибере турганын билдирген .

Чыгыш Европада жайгашкан мамлекеттин бийлигинин мындай чечимине Беларус тараптан чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттардын көбөйүшү түрткү болууда.

Өткөн айда эле чек араны 4 миң мигрант кесип өтүүгө далалат кылган. Андан тышкары расмий Варшавага Беларус аймагында жайгашкан "Вагнер" менчик компаниясынын жалданма аскерлери кооптонуу жаратууда.

Польша бийлиги Орусия менен Беларус Евробиримдикке жаңы миграциялык агымды коё берүүгө даярданып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG