Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Кыргызстан Орусиядан газды көбүрөөк алууга ниеттенүүдө


Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Кыргызстандын Орусиядан газдын көлөмүн көбөйтүп алуу ниети бар.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев орусиялык РИА Новости басылмасына курган маегинде билдирген.

Ал Бишкек шаарын толугу менен жана анын жака белиндеги райондорду, Бишкек жылуулук борборун газдаштыруу иштери жүрө турганын айтып, газ сатып алуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча кыргыз тараптын жакшы пландары бар экенин белгилеген.

Бишкек шаарында кышында соңку жылдары абанын кирдеши негизги көйгөйгө айланды. Ошол себептүү жыл башында өкмөт шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу маселесин көтөргөн.

Бул боюнча тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырылган.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгына кол койгон. Ага чейин 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөт жыйынында ушундай режим киргизүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр кубаты өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG