Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Сот Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартты


Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узартты. Анын бөгөт чарасы 5-августта каралып, Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү анын үй камактагы мөөнөтүн узартууну өтүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 11-августта “Азаттыкка” билдирип, анын иши эми Биринчи май райондук сотунда караларын белгиледи.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын маалымдаган. Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров тергөө иштери дээрлик аяктап калганын, иш жакында сотко өтөрүн билдирген.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн 512 миң 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын" билдирген.

Ага чейин, март айында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөр алтын кениндеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айткан.

Жапаров анда камалгандар уурдалган акчаны кайтарганда сот органдары алардын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу маселесин карашы мүмкүн экенин айткан. "Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок" деген ал.

Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу иштетип келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу ыйгарылган.

Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин эсептеп жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 млн 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Бөлтүрүк камалгандан кийин "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жоюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG