Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Орусия Крым көпүрөсүн аткылады деп Украинаны айыптады


Крым көпүрөсү ишембиде. 12-август, 2023-жыл.
Крым көпүрөсү ишембиде. 12-август, 2023-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крымдагы көпүрөгө чабуул жоопсуз калбасын билдирди. Анда көпүрө "жарандык инфраструктура" экени белгиленген. Москва кол салууну Киевден көрүп жатат.

Украин бийлиги аталган көпүрө аркылуу курал-жарак ташыларын белгилеп келет. Ишембидеги чабуулду Киев комментарийлей элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги 12-августта күндүз Украина Крым көпүрөсүн зениттик С-200 системасы менен аткылаганын, ал абада жок кылынганын маалымдаган. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу айтылган эмес.

Керч аркылуу өтүүчү көпүрөдө эки ирет түтүн байкалды. Көпүрө аркылуу өткөн автоунаа жолунда кыймыл үч жолу токтоп кайра жанданды. Көпүрөдөгү кыймылды чагылдыруучу жергиликтүү Телеграм канал кире бериште 1300 унаа топтолгонун жазды. Керчтин тургундары бир нече жолу жардыруу болгонун маалымдашты.

2022-жылы октябрда жана быйыл июлда Крым көпүрөсү бутага алынып, бир нече жай тургун набыт болгон.

Орусия буга Украинаны айыптаган. Киев былтыркы аткылоого катышы бардыгын башында четке каккан, кийинчерээк чабуулду укрнаин армиясы жасаганын билдирген. Быйыл июлдагы аткылоого жоопкерчилик алган эмес. Бирок маалымат каражаттары анын ичинде "Азаттыктын" орус кызматы чабуулду украин коопсуздук кызматы жасаганын жазып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG