Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Кыргызстан Казакстанга Кировдон сугат суу берүүнү убактылуу токтотту


Киров суу сактагычында былтыр 177 млн куб метр суу болгон, азыр 33 миллионго жетпейт. Июль, 2022-жыл.
Киров суу сактагычында былтыр 177 млн куб метр суу болгон, азыр 33 миллионго жетпейт. Июль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги 13-августта "Азаттыкка" билдиргендей, мындай келишимге тараптар июль айында Бишкекте өткөн жолугушууда жетишкен. Маалыматка ылайык, 17-19-июль күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын суу маселеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.

Анда казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигин, мындан улам Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө коё берүүнү суранышкан.

"Алар 18-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Киров суу сактагычынан сууну мурда макулдашылгандай секундасына 40 куб метрден эмес, 45 куб метрден кое берүүнү сурашты. Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден коё бергенде, Казакстандын жалпы 3,54 млн куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганы жөнүндө протоколго кол коюшкан", - деп жазылган маалыматта.

Айыл чарба министрлиги сугат суу маселеси Таласта бүгүнкү күндө да курч бойдон турганын, Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын маалымдоодо. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13,7 куб метрге жетип турган.

Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстан Казакстанга 4-августтан тарта Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтотконун маалымдаган. Мекеменин сайтында Казакстанга аталган суу сактагычтан секундуна 45 куб метр суу берилиши керек болсо, азыр бир да куб метр суу өтпөй жатканы жазылган. Ага ылайык, сугат суу тартыштыгынан Казакстандын түштүк аймактарындагы буудай, кант кызылчасы жана пияз айдалган 4 миң гектар талаа кургап калуу коркунучунда турат.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 9-августта 32,48 млн куб метрди түздү. Былтыр ушул убакта суу сактагычта 177,28 млн куб метр суу болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG