Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:47

Дипломатиялык академиянын ректору болуп Акылбек Кылычев дайындалды


Акылбек Кылычев. ("Азаттыктын" архиви)
Акылбек Кылычев. ("Азаттыктын" архиви)

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору алмашты. Август айынын 2синде аталган академияга тарых илимдеринин доктору Акылбек Кылычев ректор болуп дайындалганы белгилүү болду.

Академиядагы ишенимдүү булактар маалымдашкандай, 3-августта Кылычев дипломатиялык академиянын эмгек жамаатына тааныштырылган. Окуу жайдын сайтына да ректор деп Акылбек Кылычевдин ысымы жазылган.

Профессор А.М.Кылычев 1966-жылы туулган. Ал 1995-жылы "XIV--XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (айрым фарсы булактары боюнча)" аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине кызматка чакырылган. Ал эми 1998-жылы ал Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын курсунда окуган (Каир ш.).

1998 - 2014- жана 2021 - 2023-жылдары ал Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинде 1-катчы, кенешчи жана Элчинин милдетин аткаруучу, андан соң кайрадан элчинин кеңешчиси - кичи элчи сыяктуу ар кыл кызматтарды аркалаган.

2007-жылы ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жогорку дипломатиялык Атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчи даражасы (рангы) ыйгарылган.

2005-жылы А.Кылычев "Шараф ад-Дин Али Йездинин «Зафар-наме» асарынын XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы боюнча маалыматтары" аттуу темада докторлук диссертациясын жактаган. Ал кыргыз, орус, фарсы, түрк тилдерин билет.

Дипломатиялык академия ректорунун алмашуусунун жана бул ЖОЖду 2017-жылдан тартып башкарып келген мурдагы ректор Чынара Адамкулованын кызматтан кетүүсүнүн себеби азырынча коомчулукка ачык айтылган жок.

Быйыл май айында Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова “улуттук крокодил” деп айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш алган. Мурдагы ректор Чынара Адамкулова Дипломатиялык академия Тышкы иштер министрлигине караштуу экенин белгилеп, кызматкерлерди мекеменин турумун карманууга жана ар кандай жыйындарда сүйлөгөн учурда этиканы сактоого чакырган.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы “Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясында тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодилдердин нааразылыгына карабай жогорку окуу жайларда сабак орус тилинде өткөрүлөт” деп айткан соң, анын сөзү интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан эле. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG