Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

15-августтун аба ырайы


Кулун-Ата көлү. Кара-Кулжа району.
Кулун-Ата көлү. Кара-Кулжа району.

Шашылыш билдирүү

14-августта өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 14-15-августта Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9° ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23° болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-августта туруксуз аба-ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

15-августка караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG