Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Орусия: Дарыгерлер абортко каршы демилгени колдобосун айтышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда аборт кылдыруучу дары-дармектин сатылышын чектөөгө көпчүлүк дарыгерлер каршы пикирин билдирип жатышканын 14-августта “Азаттыктын” орусиялык кызматы "Коммерсантъ" басылмасына таянып жазды. Медицина кызматкерлери үчүн ачылган кесиптик сервер дарыгерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, алардын көбү мындай чектөөгө каршы экенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 59% бойдон түшүрүүчү препараттар чектелбей сатылышы керек деген оюн айтса, 19% бейтарап көз карашын билдирген, ал эми 22% чектөө зарылдыгын айткан.

Дарыгерлердин көбү эгер мындай препараттар эркин сатылбай калса, криминалдык аборт көбөйөрүн, эне өлүмүнүн көрсөткүчү жогорулай турганын айтышкан.

“Пландалбаган бойго бүтүүдөн сактануу үчүн эмне кылуу керек?” деген суроого көпчүлүгү калктын кирешесин жогорулатуу зарылдыгын айтып жооп беришкен.

Кабарчылар сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча пикирин сураганда көпчүлүк гинекологдор жооп берүүдөн баш тартып, муну “саясий өңүтү бар маселе” дап аташкан.

Украинадагы согуш фонунда Орусияда аялдарды көбүрөөк төрөгөнгө мажбурлаган ыкма күчөдү. Бул өлкөдө бойдон алдырууга уруксат берилип, мындай процедура милдеттүү медициналык камсыздоо түзүмүнө кирген эле. Бирок акыркы кезде дарыгерлер аборттон баш тарттыруу үчүн аялдарга кысым көргөзө баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин токтомунда медицина кызматкерлери аялдардын арасында бойдон алдырууга терс мамилени калыптандырышы керектиги белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG