Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Тажикстан: Оппозициялык уюм абактардагы абалга көңүл бурууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Тажикстандын улуттук альянсы” уюму укук коргоо уюмдарын өлкөдөгү түрмөлөрдөгү кырдаалга, айрыкча саясий туткундардын абалына дыкат көңүл бурууга чакырды. Чет өлкөлөрдө негизделген тажикстандык төрт оппозициялык топтун башын бириктирген уюм тажик абактарында кармалып отурган саясий туткундардын саламаттыгына, алардын медициналык жардам алуусуна көзөмөл жүргүзүү зарыл болуп жатканын билдирди.

Уюм 13-августта жарыялаган кайрылуусунда “Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү Жалолиддин Махмудовдун өлүмү “тажик түрмөлөрүндөгү саясий туткундарга мыйзамсыз жана адам чыдагыс мамиленин далили” деп айтылды.

Жалолиддин Махмудов.
Жалолиддин Махмудов.

Тажикстанда тыюу салынган партиянын мүчөсү, Вахдат шаарындагы колонияда каза болгон 63 жаштагы Махмудов 13-августта өзү туулуп-өскөн Гиссар шаарында жерге берилген. Абактын администрациясы анын өлүмүнүн себеби боюнча маалымат берген жок, жакындары анын ден соолугу начарлап кеткенин айтышкан.

Махмудов алгач 2015-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп турганда камалып, төрт жылдан кийин мунапыс боюнча бошонуп чыккан. 2020-жылы “издөөдө жүргөн адамдан акча алган” деген айып менен 6,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал бийликти сындаган оппоненттердин бири катары белгилүү болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG