Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Reuters: Рублдин төмөндөөсү Орусиядагы ички көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус рублинин курсу төмөндөп, 1 долларга карата 101 рубль болгону бул өлкөнүн акча-насыя саясатындагы карама-каршылыктарды ачыкка чыгара баштаганын бүгүн 14-августта Reuters агенттиги жазды. Өлкө президенти Владимир Путиндин экономикалык кеңешчиси Максим Орешкин бул үчүн Борбордук банкты айыптаганын, жыл башынан бери курстун төмөндөөсү 30 пайыздан ашканын белгилеген басылма Орусияда акча-насыя саясаты боюнча карама-каршылык курчуганын маалымдады.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралына чейин 1 доллардын курсу 75 рубль болчу, согуштун алгачкы күндөрү 120 рублга чейин жогорулап кеткен.

Орешкин ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде Кремль рублдин күчтүү болушун каалай турганын, жакынкы арада курс турукташарын, Борбордук банктын саясаты “жумшак” болуп жатканын, абалды турукташтырууга анын укугу бар экенин айтты.

"Алсыз рубль экономиканын кайра курулушун татаалдатып, калктын реалдуу кирешесине терс таасир тийгизип жатат”, - деди кеңешчи.

Орус рублинин курсу Кыргызстанда да төмөндөөдө. Мурда бир рублдин наркы 1,1-1,5 сом болсо, 14-августта акча алмаштыруучу жайлардагы орточо курсу 86 тыйын болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG