Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Активист Токтонасыров боюнча кылмыш ишин тергөө аяктап баратат


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Активист Өндүрүш Токтонасыров күбө катары өтүп жаткан кылмыш ишин тергөө аяктап баратканын бүгүн 15-августта “Азаттыкка” адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Жактоочунун айтымында, иш сотко ушул жуманын аягында өтүшү мүмкүн:

“Азырынча тергөө болуп жатат. Токтонасыров суракта эки жолу болду. 7-июлдагы суракта экспертизанын жыйынтыгы менен таанышканбыз. Анда кастыкты козутуунун элементтери бар деген бүтүм болгон”.

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз бирөөлөр машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан чыккан, аны түнкү 11ге чейин суракка алышкан. Токтонасыровдун социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча иш козголгону кабарланган.

Ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG