Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы май куйган жайлардын бириндеги жарылууда мерт болгондордун саны кеминде 35 адам болду, арасында үч бала бар. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Дагы 80дей адам жараат алды, алардын 60тан көбү ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын ичинен 11инин абалы оор деп бааланууда.
Дагестанда бул кырсыкка байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды.
Адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Аймактын башчысы Сергей Меликов мерт болгондордун үй-бүлөсүнө бир миллион рублдан кенемте төлөп берилерин билдирди.
Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.
Автосервис менен май куюучу жай "Глобус" соода борборунун жанында жайгашкан. Андагы өрт жакынкы үйлөргө да жайылып, тургундар шашылыш түрдө эвакуацияланган.
Кырсыктын келип чыккан себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.