Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

БУУ Украинада 9444 жай тургун мерт кеткенин билдирди


Орус армиясынын ракетасы тийген көп кабаттуу үй. 15-август, 2023-жыл. Львов.
Орус армиясынын ракетасы тийген көп кабаттуу үй. 15-август, 2023-жыл. Львов.

Бириккен Улуттар Уюму Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 9444 карапайым тургун мерт кеткенин билдирди. Уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссариаты 15-августта билдиргендей, өмүрү кыйылгандардын арасында 545 бала бар.

Андан тышкары 16 940 адам, анын ичинен 1126 бала жаракат алганы кабарланды.

Чындыгында курман болгон карапайым тургундардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени белгиленип келет. Анткени ушул тапта айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан аймактардан маалымат чогултуу кыйынга турууда.

Ал эми айрым жарандардын өлүмү тууралуу маалыматтар дагы эле текшерүүдөн өтүп жатканы айтылды.

Соңку бир суткада эле орус армиясынын канаттуу ракеталар менен жапырт аткылоосунан төрт карапайым тургун мерт кеткени кабарланды.

15-августта орус армиясы Украинанын батышындагы аймактарга, анын ичинде Львов, Днепр шаарларына, Волын менен Хмельниц облустарына чабуул койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG