Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Министрлик Караколдун төрөт үйүндөгү окуя боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө ымыркай жабыркаган окуянын чоо-жайын саламаттык сактоо кызматкерлери менен катар ички иштер органдары да териштирип жатышканын бүгүн 15-августта "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеме бул окуя үчүн жоопкер экенин белгилеп, кызматтык иликтөө башталганын маалымдады.

Жооптуу кызматкерлер мыйзам чегинде жазага тартылары, азыркы учурда ымыркайга да, жаңы төрөгөн келинге да толук сакайып кетиши үчүн бардык тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканы белгиленди.

Караколдогу төрөт үйүндө көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышкан. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришкен жана жардам сурашкан.

“Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деди келиндин күйөөсү.

Окуя 13-августта болгону айтылды.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган эле. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG