Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

ФБРдин экс-агенти Дерипасканын пайдасына иштегенин мойнуна алды


Чарльз Макгонигал
Чарльз Макгонигал

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы агенти Чарльз Макгонигал орусиялык олигарх Олег Дерипасканын пайдасына тыңчылык кылганын мойнуна алды. Нью-Йорктогу федералдык сотто ал кызматтан кеткенден кийин Дерипскага иштегенге, анын бизнестеги атаандашы Владимир Потанин тууралуу компромат чогултуп берүү макул болгонун билдирди.

Экс-агенттин сөзүнө караганда ал 2021-жылы көрсөткөн кызматы үчүн олигархтан 17 миң доллар алган. Макгонигал кылган иши тууралуу өкүнөрүн айтты.

Associated Press агенттиги Макгонигалга өкүм ушул жылдын декабрында чыгарын жана 55 жаштагы экс-агент беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымалдыгын жазды.

Вашингтон Дерипаска баштаган орусиялык бизнесмендерге, алардын компанияларына 2018-жылы санкция салган. Мындай чечим “Американын каршылаштарына карата чара көрүү” мыйзамына ылайык кабыл алынган.

2019-жылдын башында орус миллиардери “Русал” жана “En+” деп аталган компанияларынын контролдук пакетинен баш тартуу менен бул ишканаларды санкциялар тизмесинен чыгарган. Бирок өзүнө карата санкция күчүндө турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG