Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Москвада кыргыз-орус аскердик кызматташтыгы талкууланды


Министр Бактыбек Бекболотов Москвадагы аскердик форумда.
Министр Бактыбек Бекболотов Москвадагы аскердик форумда.

Москвада Кыргызстан менен Орусиянын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы талкууланганын бүгүн 15-августта Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 14-16-август күндөрү министр Бактыбек Бекболотов Орусиянын борборунда иш сапар менен жүрөт.

Министр “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумуна жана Коопсуздук боюнча Москва эл аралык конференциясына катышканы кабарланды.

«Ошону менен бирге Москва конференциясынын алкагында министр Б.Бекболотов Орусиянын коргоо министринин орун басары А.Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты» деп билдирди мекеме.

Орусия бийлиги аталган иш-чаралар аскердик техника өндүрүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналарын, форумда Украинадан алып барышкан НАТОнун техникасы көрсөтүлөрүн билдирген.

Кремль былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Бул үчүн эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылып келе жатат.

Кыргызстан бул маселеде бейтарап позицияда экенин билдирген. Өлкө аймагында Орусиянын аскердик базасы жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG