Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Ошто атасынын өлүмүнө шектелген киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто атасын өлтүргөн деген шек менен 41 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганын бүгүн 16-августта шаардык милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 14-августта Амир-Темир кичи районунда болгон. 68 жаштагы тургунду уулу өз үйүндө бычак менен көкүрөгүнө жана колдоруна сайып, ал ошол жерден көз жумган.

Милиция ата-бала чырдаша кеткенин, шектүү адам документтерин алып, таксиге отуруп, окуя болгон жерден кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козгоп, шектүү киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маркум өзү төрт баланын атасы болгону, аны өлтүрүүгө шек саналып жаткан уулунун эки баласы бар, ал эч жерде иштебеген киши экени кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG