Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

CNN: Украина Крым көпүрөсүндөгү жардыруу үчүн жоопкерчилик алды


Крым көпүрөсүндөгү жардыруудан кийин тутанган өрт. 8-октябрь, 2022-жыл. Украина.
Крым көпүрөсүндөгү жардыруудан кийин тутанган өрт. 8-октябрь, 2022-жыл. Украина.

Украинанын Коопсуздук күчтөрү алгачкы ирет 2023-жылдын июлунда Крым көпүрөсүнө жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, дрон менен аны жардырып жаткан видеону жарыялады. Бул тууралуу америкалык CNN каналы билдирди.

Аталган телеканалга курган маегинде украин коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк Крым көпүрөсүнө, "Оленегорский горняк" десанттык кемесине жана SIG танкерине чабуул койгон деңиз дрондору Украинада чыгарылганын билдирди.

Малюк бардык операциялар украин мыйзамдарына жана эл аралык укуктун эрежелерине шайкеш келерин кошумчалады.

"Биз деңиздеги ар бир атайын операцияга олуттуу карайбыз. Жети жолу өлчөп, бир кесебиз. Бирок так жана ыкчам ишке ашырабыз. Душмандын жүрөгүнө муштайбыз", - деген Малюк атайын операцияларга чет элдик өнөктөштөрүнүн тиешеси жок экенин белгиледи.

Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган Крым көпүрөсү 2020-жылы ачылган. Былтыр 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси быйыл 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.

Расмий Киев буга чейин көпүрөдөгү жардыруу үчүн ачык жоопкерчилик алган эмес. Украинанын Коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүндө болгон окуянын чоо-жайы согушту жеңгенден кийин ачыкталарын билдирген.

XS
SM
MD
LG