Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабактагы каатчылыкты талкуулады


Лачын коридорундагы Азербайжан койгон бекеттен ары Тоолуу Карабакка өтө албай токтоп турган Армениянын жүк ташуучу унаалары. 30-июль, 2023-жыл.
Лачын коридорундагы Азербайжан койгон бекеттен ары Тоолуу Карабакка өтө албай токтоп турган Армениянын жүк ташуучу унаалары. 30-июль, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши жикчил Тоолуу Карабактагы гуманитарды каатчылыкты талкуулады. 16-августтагы чукул жыйын Еревандын демилгеси менен уюштурулду.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян жыйында сөз сүйлөп, БУУнун негизги милдеттеринин бири аймактагы каатчылыкка жол бербөө экенин эскертти.

"Армения аймакка гуманитардык жардам жөнөткөн, бирок жүк Лачын коридорунун кире беришинде турат. Анткени азери тарап жүктүн Карабакка жетишине тоскоолдук кылып жатат",-деди Мирзоян.

Азербайжандын БУУдагы өкүлү Яшар Алиев бул дооматты жокко чыгарып, Ереванды коомдук пикирди адаштырууга байланыштуу күнөөлөдү.

"Армения гуманитардык маселе катары көрсөткүсү келип жаткан жагдай чындыгында чагымчыл жана жоопкерчиликсиз саясий кампания. Ал Азерюбайжандын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине доо кетирүүгө багытталган",-деди Алиев.

Жыйында уюмдун гуманитардык жардам маселелери боюнча жогорку даражалуу өкүлү Эдем Восорну Кызыл чырым эл аралык уюму баштаган топторго Карабакка жардам жеткирүүнү камсыздоону талап кылды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын соңунда кандайдыр бир резолюция, же декларация кабыл алынган жок.

Тоолуу Карабакты Армения менен бириктирген Лачын коридорун Азербайжан тарап жети ай мурда жаап салган. Өткөн айда Баку Ереван Тоолуу Карабакка жөнөткөн гуманитардык жардам жүктөлгөн, 19 машинадан турган кербенди өткөрбөй койгон.

Ереван жана башка эл аралык уюмдар аймакта гуманитардык кризис күч аларын эскертүүдө. БУУнун көз карандысыз эксперттери 7-августта тараткан билдирүүсүндө айрыкча ун, май, шекер баштаган өтө зарыл азык-түлүктөр тартыш болуп жатканын белгилешкен.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги автокербендин жиберилишин "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптаган.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG